АКШ менен Украина пайдалуу кендер боюнча келишим түзүү ниетин ырастаган меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Украинадын биринчи вице-премьер-министри, экономика министри Юлия Свириденко Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, тараптарга келишимдин тексти жана ага кол коюу иштерин бүткөрүп, андан кийин парламенттерде ратификация кылуу гана калды.
АКШ менен Украинанын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча биринчи келишимине кол коюу февралда, президенттер Владимир Зеленский менен Дональд Трамптын ачык кайым айтышуусунан кийин үзгүлтүккө учураган. Келишимдин экинчи вариантын АКШ бийлиги март айынын аягында Украинага жөнөткөн. Бул вариантта пайдалуу кендерди, мунай жана газды иштеп чыгууда көзөмөл жүргүзүү камтылган. Владимир Зеленский бул келишимге да кол коюудан баш тартып, Украина АКШга жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирерин, бирок, муну өзүнүн «милдети» деп эсептебей турганын белгилеген.