Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусунун жетекчилерине Кыргызстан менен чек арага жакын аймакта эркин соода-өнөр жай зонасын түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Мирзиёевдин айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан коңшу республикага 200 миллион долларлык продукция экспорттолот. Ошондуктан товар жүгүртүүнү кеңейтүү үчүн атайын зоналарды уюштуруунун максаты бар.
Өзбекстан президенти мындай аймактарды түзүү үчүн Кургантепе жана Ходжаабад шаарларын карап чыгууну сунуштады. Регионалдык бийлик өкүлдөрүнө ушул аймактардын бирин тандап, ишкерлер менен кеңешип, долбоордун башкы планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.