Чемпиондор Лигасынын 2024/25 сезонунун чейрек финалынын жооптук беттештери 15 жана 16-апрелде өттү.
Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү эки жарым финалдык жуп түзүлдү:
Барселона (Испания) – Интер (Италия)
Арсенал (Англия) – ПСЖ (Франция)
Жарым финалдын алгачкы беттештери 29 жана 30-апрелде, жооптук беттештер 6 жана 7-майда болот.
Турнирдин финалы 31-майга белгиленип, чечүүчү беттеш Германиянын Мюнхен шаарындагы Альянц Аренада өтөт.