Төрт жыл ичинде өлкө аймагы боюнча 500 мектеп салынды

Акыркы 4 жыл ичинде өлкө аймагы боюнча 500 мектеп салынды. Ал эми былтыр 140 мектеп курулса, анын ичинен 107 мектеп мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан, калганы ар кандай каржы булактарынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынган. Мындай маалыматты билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева маалымдады.
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште билим берүү тармагы боюнча угуу өтүп жатат. Анда былтыркы жылы Бишкек шаарында 15 мектеп салынса, быйыл 5 мектептин курулушу жүрүп жатканы, өлкө боюнча дагы кошумча 223 мектеп керектелээри, ал эми китеп боюнча жалпы муктаждыкты жабыш үчүн 800 млрд сом керектелсе, быйыл 744 млрд сом бөлүнгөнү айтылды.