Мончодо кордолгон мигранттардын окуясы териштирилип башталды

Москва шаарындагы мончодо болгон окуяны Орусиянын прокуратурасы менен Миграция кызматы текшерип баштады. Мындай маалыматты Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова билдирди.
“Учурда Орусияда коопсуздукту күчөтүү иш аракети жүрүп жатат. Эгер мигранттардын керектүү документтери бар болсо, аларга эч ким тийбейт. Мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы зарыл”,- деген ал.