Кытайлык туткундар маалымат беришти

Украина бийлиги согушта колго түшкөн Кытайлык аскерлерди басма сөз жыйынына алып чыкты. Бул президент Володимир Зеленскийдин “орус тарапта кытай аскерлери согушуп жатат”,- деген айыптоосуна далил катары көрсөтүлдү. Бирок, колго түшкөн кытайлык аскерлер Украинанын аскерлерин өлтүрүшпөгөнүн, Орусияга иштөө үчүн келип, жарнамадан согушка катышса, ай сайын 200 миң рубль төлөнөөрүн окугандан кийин макул болгонун, ушул кезге чейин 1 тыйын рубль да алышпаганын билдирди. Алардын айтымында, мындан Кытай мамлекетинин кабары болгон эмес.