Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Улуу жибек жолу” эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Азейбайжандын Баку шаарында 11-15-апрель күндөрү өтүп, ага 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышты.
Алсак, 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу жана +92 кг чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев коло медаль утту.
Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.