Депутат министрге Ислам дининен коркпогула деп сунуш берди

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында соңку учурдагы коомчулукта орун алган адам өмүрүн алган окуялар айтылды.
Жыйында “Ислам же, дин десе эле эмнеге корко бересиңер”,- деп сурады депутат Жалалидин Нурбаев билим берүү министринен.
“Дин сабагын тарых мугалимдери берип жатканы менен алар жакшы окута албай жатышат. Теологияны бүткөндөр окутпайбы? Мектептерде адеп- ахлак оңолуп, зордук- зомбулук токтойт эле”,- деди депутат.
Министр Догдургүл Кендирбаева болсо, учурда теология факультетин бүтүргөн улан-кыздарды мектептерге тартуу боюнча иш аракеттер жүрүп жатканын билдирди.