АКШнын Гарвард университетиндеги изилдөөчүлөр кургак учук жана космос тармагындагы илимий иштерин токтотууга аргасыз болушту. Бул тууралуу New York Times басылмасы Гарвард профессорлорунун айтымына таянып жазды.
Буга чейин АКШнын Билим берүү министрлиги университетти 2,2 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоодон ажыратарын билдирген. Бул чечим Гарварддын жетекчилиги Ак үйдүн кадрдык жана билим берүү саясатын өзгөртүү талабын ачык түрдө четке каккандан кийин кабыл алынган.