Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөт. Программасы

Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 20-апрелден 25-апрелге чейин созулат.
Маданий иш-чаралар программасы:
21-апрель.
Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);
Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).
22-апрель.
Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);
Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);
Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
23-апрель.
Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
24-апрель
Саат 16:00 – Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);
Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).