Акбөкөн Таштанбеков: “Акылбек Жапаров балдар бакчаны мамлекетке өткөрүп берди”

Кыргызстандагы эң чоң бала бакча мамлекетке кайтарылды. Учурда анын жарымы бала бакча, жарымы мектеп. Мындай маалыматты депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.
Ал бүгүн, 17-апрелде парламенттеги жалпы жыйында 10 мүнөттүк сөз алып, Ысык-Ата, Кант жана Токмок шаарындагы көйгөйлөрдү, андагы бала бакча, мектеп боюнча маселелерди козгоду. “Рахмат, жакында бир чиновник Кыргызстандагы эң чоң бала бакчаны өткөрүп берди, атын айтпай эле коёюн”,- деди. Депутаттар болсо, “айта бериңиз эми”,- депсуранышканда “Акылбек Жапаров”,- деп жооп берди.
“МИС” деп аталган бул балдар бакчасы 1967-жылы 600 орунга болжолдонуп курулган. Бирок, 1991-жылы белгисиз себептер менен жабылып калган.