Аталган курулуш компаниясынын дагы бир маселеси Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-апрелиндеги жалпы жыйынында козголду.
Депутат Дастан Бекешев компания “Электро Сила” деген компанияга 21 млн сом карыз болгондуктан бүгүндөн баштап, KG Групп курган үйлөрдүн электр энергиясын өчүрмөк болуп жатканын айтты. “Алардын суусу дагы энергетикага байланыштуу экен. Энергетика министрине айтуу керек, тез арада ушул үйлөрдү Бишкек шаарынын РЭСине өткөрүү зарыл. Анткени, ал үйлөрдө жашагандардын күнөөлөрү жок. Алар ушул кезге чейин төлөп эле келишкен. Учурда курулуш компаниянын жетекчилери жок, иш башкармалыгы дайындаган жетекчи иштебейт”,- деди депутат.