Элдар Абакиров: “Адам өмүрү оюнчук эмес”

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында соңку учурдагы коомдогу адам өлүмү менен коштолгон терс көрүнүштөр көтөрүлдү.
“Эрте менен туруп, жаңылык окугандан коркуп калдык. 14 жашар бала классташын бир уруп, өлтүрүп алыптыр. Түрмөдө болсо, бири 62, бири 35 жаштагы эки адам каза болуптур. Эми, ошол тармактын жетекчилери бар. Ким кайсы тармакты башкарып атса, ошолор жоопкерчилигин тартышы керек. Адам өмүрү оюнчук эмес”,- деп билдирди Элдар Абакиров.
“Билим берүү министрлиги мектептерде психологдордун бар экенин айткан эле. Жок болсо, финансы министрлиги эмнеге каражат бөлүп берген жок? Түрмөлөрдө адамдар өлө береби? Жетекчилери келип, маалымат беришсин”,- деди депутат.