УЕФА Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери башталды.
Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жыйынтыгы менен турнирдин жарым финалынын алгачкы катышуучулары аныкталды.
“Боруссия” өз үйүндө “Барселонаны” утуп алды, бирок каталониялыктар эки беттештин жалпы эсеби боюнча кийинки баскычка өттү. “Астон Вилла” да өз талаасында ПСЖдан күчтүү экенин далилдеди, бирок бул жупта коноктор да жарым финалга чыгышты.
УЕФА Чемпиондор Лигасы
1/4 финал, жооптук беттештер
“Боруссия” (Дортмунд, Германия) – “Барселона” (Испания) – 3:1 (эки беттештин суммасы 3:5)
Биринчи матч — 0:4.
23:00. Астон Вилла (Англия) – ПСЖ (Франция) – 3:2 (жалпысынан 4:5)
Биринчи беттешүү – 1:3.
Белгилей кетсек, чейрек финалдын калган эки жооптук беттеши бейшемби күнү кечинде орун алат.