АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө караганда, Ак үй мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы программаны ишке киргизүүнү пландап жатат. Анын айтымында, “өз ыктыяры менен депортациялоо” программасынын алкагында мыйзамсыз мигранттарга стипендия жана келечекте АКШга кайтып келүү мүмкүнчүлүгү берилет.
«Биз аларга бир аз акча жана учак билети беребиз жана алар менен иштешебиз. Эгерде алар жакшы жүрүм-турум көрсөтүшсө, биз аларды мүмкүн болушунча тез арада кайра алып келүү үчүн иш алып барабыз»,-деди АКШ президенти.
Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш Трамптын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болду. Анын анын администрациясы жыл аягына чейин АКШдан бир миллион адамды депортациялоону пландап жатат.