2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,8% көп.
Соңку учурда курулуш, кыймылсыз мүлк менен иштөө, медиа, ресторан жана мейманкана кызматтары, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда айлык жогорулаган. Ошондой эле илимий-техникалык (IT тармагы) жана кесиптик тейлөө кызматтарында да көбөйгөн