Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Мыйзам долбоору мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөтүн тактоо максатында иштелип чыккан.
Өзгөртүүлөргө ылайык, кезектеги президенттик шайлоо ал шайланган президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө төрт ай калгандан кечиктирилбестен дайындалат.