Манас Академиясын көчөгө чыгарып салуу аракети жүрүп жатканын депутат Мирлан Самыйкожо билдирип, академия ушул күнгө чейин Манас дастанын изилдеп, жайылтып, улуттук баалуулуктарды даңазалап келген илимий жана маданий борбор экенин маалымдады.
“Алар 2 бөлмөгө эптеп батып, иштеп жатышса, ал жерге Инвестициялар боюнча Улуттук агенттик көчүп келип, аларды кууп чыкканга аракет кылып жатат. Бул агенттик ушул кезге чейин эмне жумуш аткарды, канча инвестиция тартты маалымат алышыбыз керек. Ал эми Манас академиясы Манастын жыйнактарын чыгарды. Бир топ, изилдөөлөрдү жүргүзүп, элибиздин руханий баалуулуктарын жайылтып келатат. Кайра биз аны тебелеп жатканыбыз осол иш”,- деди.
Депутат бул маселеге өкмөттүн көңүл буруп, оңунан чечип берүү жагын караштырууну сунуштады.