ДССУ пандемиядан коргонуунун милдеттүү планын жарыялады

Үч жылдан ашык сүйлөшүүлөрдөн кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) мүчө өлкөлөрү келечектеги пандемияларга даярдык көрүү боюнча келишим долбооруна кол коюшту. Бул юридикалык жактан милдеттүү документ COVID-19дан кийин жаңы патогендерден коргонуу чараларын бекемдөөгө багытталган.
Документ бардык катышуучуларга ылайыктуу болуусу үчүн 13 жолу жыйын өткөрүлдү. Алардын 9у узартылып, расмий эмес жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр да өттү. ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус “бүгүн Женевада дүйнө өлкөлөрү тарых жаратышты” деп билдирди.
Келишимде пандемияны алдын алуу жана мамлекеттердин аракеттерин координациялоо боюнча бардык зарыл чаралар көрсөтүлгөн. Дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ири илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, саламаттыкты сактоо адистерин даярдоо, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу үчүн кадрдык ресурстарды мобилизациялоо жана башка бир топ чаралар каралган. Май айында бул долбоор ДССУнун жогорку башкаруу органы — Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы тарабынан каралат.