Байден биринчи жолу Трамптын саясатын ачык сындады

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден президент Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүн сынга алды. Ал Трамп администрациясынын Социалдык камсыздоо башкармалыгына карата аракеттерин кыйратуучу деп атады.
«Азыр эмне болуп жатканын карагыла. 100 күнгө жетпеген убакыт ичинде бул жаңы администрация ушунча көп нерсени бүлүндүрүп, ушунча зыян келтирди. Мындай нерсе мынча бат болушу мүмкүн экенине ишенүү кыйын»,-деди мурдагы президент CNN телеканалына.
Жо Байден Дональд Трампты бир да жолу атынан атаган жок. Ордуна «тиги жигит» деген сөздөрдү колдонду. Ал ошондой эле Илон Маскты да түз атаган жок. Аны түзмө-түз айтпастан технологиялык стартаптарга окшоштурулган маданиятты сындады.