“Азаттык” радиосунун Орус кызматы 15-апрелден тартып 1386 кГц орто толкун диапазонундагы берүүcүн токтотконун жарыялады. Бул тууралуу кызматтын Telegram-каналында маалымдалат. Себеби АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлкө бийлиги каржылоону токтоткон.
“Учурда Вашингтондогу федералдык округдук сотто “Эркин Европа/Азаттык радиосу” (RFE/RL) каржылоосу боюнча угуу жүрүп жатат. Медиа корпорация өзүнүн камкорчу уюму АКШнын глобалдык медиа агенттиги (USAGM) аркылуу АКШ Конгресси тарабынан 2025-финансылык жылга бөлүнгөн 70 миллион доллардын которулушун талап кылууда”,-деп айтылат билдирүүдө.
USAGM “Азаттык” радиосун гана эмес, “Америка үнү” медиасынын да каржылоосу токтотулганын билдирген. Бул медиаларды жабууну мамлекеттик эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) куратору, миллиардер Илон Маск да колдогон. Ал бул долбоорлор өз популярдуулугун жоготконун, “эч ким укпай калганын” айткан.