Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын саясий кеңешчиси Балаж Орбан Украинанын Европа Союзуна кошулуусу альянска 2,5 триллион евро чыгым алып келерин билдирди. Ал бул сумма 2025-жылдагы ЕСтин жалпы бюджетинен 12 эсе көп экенин белгиледи. Бул тууралуу Орбан Фейсбук тармагында жазды.
Балаж Орбандын айтымында, Украинанын ЕБге мүчө болушу альянс үчүн саясий жана экономикалык жактан оор жүк болот. Анын эсебинде, Украинаны калыбына келтирүүгө эң аз дегенде 500 миллиард евро талап кылынат.
Февраль айында Венгрия Украина менен ЕБге кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи блогуна вето койгон. 20-мартта Венгриянын премьери Виктор Орбан өз позициясын өзгөртпөй турганын айткан.