Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөр Түндүк Кипрге элчилик ачты

КИПР мамлекетине (грек тарапка) Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан элчиликтерин ачты. Аралдын жарымы Түштүк Кипр Түрк Республикасы деп аталат. Борбор Азиядагы мындай аракеттүүлүк Европанын эшигин ачууга багытталганы божомолдонууда. Эл аралык серепчилер болсо, Өзбекстандын текстили, Казакстандын энергетикалык ресурстары жана Түркмөнстандын жаратылыш газы Батыш өлкөлөрүн кызыктырып, мындан улам Европа биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 300 млн евролук экономикалык пакет сунуштаганын айтышууда.
Белгилүү журналист Манас Осмон “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмуна кирген мамлекеттердин мындай кадамы түпкүлүгүндө туура. Кандай болгон күндө да, Борбор Азия Европанын бардык эшиктерин каккылап көрүшү керек”,- деп жазган өздүк баракчасында.