Турак үйлөргө чабуул боюнча кылмыш иши козголду

Россиянын Тергөө комитети Курск шаарындагы турак үйлөргө болгон украин дрондорунун массалык чабуулунан кийин террордук акт фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
“15-апрелге караган түнү украиналык жоочулар учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп, Курск шаарындагы турак үйлөргө массалык чабуул жасашты. Түзүмдөрдүн бири тез жардам станциясына тийди. Россиянын Аскердик тергөө башкармалыгы бул факты боюнча террордук акт беренеси менен кылмыш ишин козгоду”,-деп айтылат билдирүүдө.
Түнкү чабуулда 85 жаштагы аял каза болду, тогуз киши жаракат алды.
Курск шаарындагы 24 кабаттуу үй зыян тартты, айрым үйлөрдө өрт чыкты.