Украинада согуштан качкан аскер космоско учту. Ал Орусиянын атынан Эл аралык космостук станциядан “Союз” борту менен америкалык Жонни Ким жана Орусиялык Сергей Рыжиков менен аба мейкиндигинде 8 ай изилдөө жүргүзөт. Украина бийлиги 2013-жылы Алексей Зубрицкий аттуу аскер пилотунун согуштан качканын жарыялаган. Көп өтпөй анын дареги Краснодар жана Ростов аймактарынан чыккан. Ал аталган аймактын орус аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жүргөнү белгилүү болгон.
Кийин космоско учуу боюнча атайын даярдыктан өткөн. Аны Украина соту мекенге чыккынчылык менен айыптап, былтыр сыртынан 15 жылга кескен эле. Маалым болгондой, акыркы 3 жылдан бери анын дайыны чыкпай жаткан.