Кытайдын портторунда жүк жүгүртүү 10 пайыз кыскарды

АКШ киргизген жаңы бажы төлөмдөрүнөн кийин Кытайда деңиз жүк ташуулары бир жуманын ичинде 10 пайызга төмөндөдү. Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, 29-апрелден 5-майга чейин порттор 244 миллион тонна жүк иштетишкен. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4 пайызга аз. Жүк жүгүртүүнүн эң жогорку чеги март айынын аягында катталды. Бул АКШ менен болгон соода жаңжалдарынын шартында эң жогорку көрсөткүч болушу мүмкүн.
Бул статистика Дональд Трамп 2-апрелде жарыялаган тарифтердин алгачкы таасирин чагылдырат.