Иран ТИМи: АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Оманда өтөт

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Irna агенттигине берген маегинде АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Оман мамлекетинде өтөөрүн ырастады.
«Тараптар жүргүзгөн кеңешүүлөрдөн кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампанын кабыл алуучу тарап катары Маскат кала берээри чечилди. Бул сүйлөшүүлөр ишемби күнү, 19-апрелде өтөт»,-деп билдирди Багаи.