Европа Биримдиги Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде жашаган палестиналыктарга жардам берүү үчүн 1,6 миллиард евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас жарыя кылганын DW басылмасы кабарлады.
“Биз палестин элине көрсөткөн колдообузду күчөтүп жатабыз. 2027-жылга чейин бөлүнө турган 1,6 миллиард евро Батыш жээктеги жана Газа тилкесиндеги абалды турукташтырууга жардам берет. ЕБ зарыл болгон инфраструктурага инвестиция салып, ошол эле учурда гуманитардык жардам жана качкындарга колдоо көрсөтөт. Биз Палестина автономиясынын көптөн берки өнөктөшүбүз”,-деди Каллас.
Анын билдирүүсү Палестина Улуттук администрациясынын (ПУА) премьер-министри Мухаммед Мустафанын Люксембургда ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунун алдында жарыяланды.
Европа Биримдиги Палестина автономиясынын эң ири эл аралык донору болуп саналат.
Жаңы жардам пакети 576 миллион евро грант түрүндө. Анда Газа тилкесинде, Батыш жээкте жана Чыгыш Иерусалимде экономикалык калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлор каралган.
400 миллион евро Европа инвестициялык банкы тарабынан берилүүчү насыялар түрүндө.