Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар билдирди.
«Өлбөс полк — Кыргызстан» кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллинанын айтымында жөө жүрүштү өткөрүү чечими өткөн жуманын аягында кабыл алынган.
«Старт Түштүк дарбазадан саат 09:00дө берилет. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадан тарта Байтик баатыр көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Фрунзе көчөсү менен жүрүп отуруп, Жеңиш аянтына келет», — деди ал.
Хайбуллина кошумчалагандай, жөө жүрүш өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.