Эртең, 15-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 21…23° жылуу болот.