Украинага Taurus ракеталары берилеби?
Германиянын болочоктогу канцлери Фридрих Мерц Украинага Taurus канаттуу ракеталарын берүү мүмкүн экенин билдирди. Бирок, бул маселеде европалык өнөктөштөр менен макулдашуу зарылдыгын белгиледи. ARD телеканалына берген маегинде ал бул курал-жарактарды Украинага бересизби деген суроого жооп берди.
«Мен ар дайым бул маселени европалык өнөктөштөр менен макулдашуу аркылуу гана ишке ашырам деп айтып келгем. Бул ишти англичандар кылып жатат, француздар да кылууда, америкалыктар болсо баары бир жасап жатат… Эгер жеткирүү координацияланган болсо, анда Германия да катышуусу керек»,-деди Мерц.
Ал кошумчалагандай, украин армиясы коргонуу аракетинен чабуулга өтүп, Россиянын маанилүү инфратүзүм объекттерине, мисалы Крым көпүрөсүнө сокку ургандай аракеттерди көрүшү керек.
Германия менен Швеция тарабынан чыгарылган Taurus канаттуу ракеталары Улуу Британиянын Storm Shadow ракеталарына окшош. Taurus ракеталары 500 чакырымдан ашык аралыктагы буталарды атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.