Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Вьетнамга келди

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин дүйшөмбү күнү мамлекеттик сапар менен Вьетнамга келди. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телевидениеси кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытай лидери түшкөн учак түш убактысында Ханой шаарына конгон.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Си Цзиньпиндин Вьетнамга сапары 14-15-апрелде өтөт. Андан соң ал 15-18-апрель күндөрү Малайзия жана Камбоджа мамлекеттерине барат.