Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын тең төрагасы алмашты.
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Мамбетов Алмаз Ишенбекович Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын тең төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна 3 жылдык мөөнөткө Осмонов Замирбек Бабакулович дайындалды.
Белгилей кетсек, Замирбек Осмонов — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы, ага чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеген.