reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Son Güncelleme :

31 июля 2023 - 16:38

reklam
1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
reklam

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Нарын облустунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

reklam