Окуучулар арасындагы Улуттук олимпиаданын IV этабы өтүүдө

Wp Pw
0 0
Read Time:39 Second

Бүгүн, 4-апрелде мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл үчүнчү жылы өтүп жаткан олимпиадага беш предметтен 144 окуучу катышууда.

Математика, химия, биология, информатика боюнча олимпиада “Ала-Тоо” эл аралык университетинин базасында, физика боюнча олимпиада Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Олимпиаданын жүрүшүнө көз карандысыз байкоочулар көз салып, түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Олимпиада жыл сайын төрт баскычта өтүп, I, II этап онлайн, III, IV этап офлайн түрүндө болот.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын командасын түзүү жана аларды эл аралык олимпиадага катышууга даярдоо максатында 2019-2020-окуу жылынан баштап физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча альтернативалык олимпиада өткөрүп келет. Пилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталып, 2022-жылы ага Улуттук олимпиада макамы берилген.

 

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Президент биринчи электромобилдин ээси болду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк дизайнындагы Togg T10X электромобилинин биринчи ээси болду. Салтанаттуу аземде президентке биринчи ата мекендик электромобилдин ачкычы тапшырылды. «Биз биргелешип элибиздин 60 жылдык кыялынын аткарылышын көрүп жатабыз.  Бүгүнтөн баштап Тоггду жолдордо көрөбүз”,-деди Режеп Тайып Эрдоган. Эрдоган Тогг Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө популярдуу болоруна ишенерин билдирди. […]