Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында авто лабораториялар боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутаттардын маалыматында, өлкөдө 150дөн ашык авто лабораториялар бар болсо, алардын 3 гана мамлекеттик. Ал эми калганы жеке менчик. Кызмат көрсөтүү акылары мамлекеттик лабораторияларда 2000 сом, жеке менчикте 4000 миң сом.
Жыйында Эл өкүлдөрү лабораториялар менен иш алып баруу, жеке менчикке кеткенин тактоо, аларды кайрадан карап чыгуу керектигин белгилешип, тийиштүү ведомствого протоколдук тапшырма беришти.
Эскерте кетсек, сырткы өлкөлөрдөн келген унаалар авто лабораториялардан текшерүүдөн өтүшөт. Бул автоунааны катто иштеринин алдында жасалат.
