reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Son Güncelleme :

26 апреля 2023 - 10:26

reklam
ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
reklam

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 26-апрелден 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

reklam