Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады

Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо аяктады. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы  шайлоочулардын 69,85% добуш бергенин билдирди.

Бул Өзбекстандын тарыхында кезексиз өткөн алгачкы президенттик шайлоо болуп калды. Ага талапкер катары Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушүкүр Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев катышты.

Шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары 10 күндөн кечиктирбестен (19-июлда) жарыяланышы керек.

Эске салсак, БШКнын маалыматы боюнча, саат 17.00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 69,85% катышып, 13 млн 459 миң 677 адам добуш берген.

Шайлоочулардын көбү Фергана облусунда добуш берди.

Бөлүшүү: