reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Эртең  триатлон боюнча мелдештер өтөт

Son Güncelleme :

01 июля 2023 - 10:50

reklam
Эртең  триатлон боюнча мелдештер өтөт
reklam

Эртең, 2-июлда “ VISA TRIATHLON-2023” мелдештери Бишкектин жанындагы «Хижина Дяди Тома» эс алуу борборунда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 6.40тан 14.00гө чейин боло турган бул спорттук иш-чарада профессионал жана ышкыбоздор күч сынашат. Ага Кыргызстандан жана коңшу өлкөлөрдөн 200гө жакын адам катышат.

Спорттун түрлөрү:

«Спринт» дистанциясына (кирет: 750 м сүзүү, андан кийин 20 км велосипед тебүү, анан кайра 2,5 км чуркоо): өспүрүмдөр, параатлетчилер, ышкыбоздор.

Эстафета — үч адамдан турган команда (сүзүүчү, велосипедчи жана жөө күлүк).

Суперспринт аралыкта (300 м сууда сүзүү, 8 км велоспорт жана 2 км чуркоо) U-15 категориясындагы спортчулар (12-15 жаштагы балдар) медалдар үчүн күч сынашат.

reklam