Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эскерте кетсек, Эркин Чечейбаев 2018-2020-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген.
Кыргызстанда картошканы экспорттоого тыюу салынабы?
Шей Фев 4 , 2025
Кыргызстанда картошканы экспорттоого тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чара социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында көрүлүүдө. Эске салсак, 2025-жылдын […]
