reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

 «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды

Son Güncelleme :

03 июля 2023 - 15:09

reklam
 «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды
reklam

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары — окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн — 10 стипендия.

reklam