Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) кыргызстандык боксчу, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды.
Маалым болгондой, Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде IBAнын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлап, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин белгиледи.
Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы спортчу.
Куурулган тамактардын зыяны
Дүй Дек 9 , 2024
Куурулган тамактар бир нече себептерден улам зыяндуу болушу мүмкүн: 1. Майдын жана калориянын көбөйүшү: Кууруп жатканда тамактар майдын олуттуу көлөмүн сиңирип алат, бул алардын калориялуулугун жогорулатат. Бул ашыкча калория алып, натыйжада, салмак кошууга алып келиши мүмкүн. 2. Зыяндуу заттардын пайда болушу: Кууруп жатканда, өзгөчө жогорку температурада акриламид же полициклдүү ароматтык […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/12/c669ea1e-af9d-4658-9140-705584d46c12.jpg)