reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.280.949 % -0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

 Шашылыңыз! Бир айдан соң 1-класска электрондук каттоо аяктайт

Son Güncelleme :

01 августа 2023 - 9:46

reklam
 Шашылыңыз! Бир айдан соң 1-класска электрондук каттоо аяктайт
reklam

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.

Бишкек шаарында 79% орунга окуучулар катталды, Ош шаарында – 55%, Баткен облусунда – 64%, Жалал-Абад облусунда– 56%, Нарын облусунда – 66%, Ош облусунда – 52%, Талас облусунда – 64%, Чүй облусунда – 56%, Ысык-Көл облусунда – 57%.

Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен);

Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен);

Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен);

Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен);

Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен);

Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен);

Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен);

Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен).

Эскерте кетсек, балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

 

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт — https://mektep.edu.gov.kg/

reklam