Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
“Буга байланыштуу ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ошондой эле аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүүлөргө жана жолдордун абалына көңүл буруңуз. Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине чалыңыз”, – деп айтылат маалыматта
Кыргызстандагы жашоо минимуму айтылды
Шар Янв 22 , 2025
Кыргызстанда 2024-жылы калктын адам башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7963,72 сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган. Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8906,51 сомду, ал эми пенсия курагындагылар үчүн 763,85 сомду түзөрү көрсөтүлгөн. Балдар үчүн 6 миң 768,77 сом деп белгиленген. Жашоо минимумунун эң жогорку […]
