Шарымбек Дарман, саясий серепчи: “Түркияда саясый чыңалуу күчөп, протесттер уланат”

Шарымбек Дарман, саясий серепчи: “Түркияда саясый чыңалуу күчөп, протесттер уланат”

Экрем Имамоглунун иши соттук териштирүүгө өттү, анын саясый келечеги кандай болорун убакыт көрсөтөт. Эгерде сот чечими анын пайдасына чыкса, оппозициянын таасири күчөйт. Бирок өкүм катаал болсо, Түркияда саясый чыңалуу күчөп, протесттер уланат.
Эгерде президент Эрдоган бул кырдаалды өзүнүн саясый атаандаштарын дагы да алсыратуу үчүн колдонсо, Түркиянын авторитардык башкарууга карай оошу ылдамдайт.
Имамоглунун камалышы оппозицияны бириктирип, элдик толкундоолорду күчөтсө, бийлик үчүн оор кырдаал жаралат. Бул өлкөдөгү жалпы стабилдүүлүккө коркунуч келтирет.

Бөлүшүү: