Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрахимдин чакыруусу менен бул өлкөгө сапар алды.
Өзбек лидеринин басма сөз кызматы «Сапардын программасына ылайык, Куала-Лумпур шаарында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, бир катар ишкердик жана маданий иш-чаралар өтөт»,-деп маалымдады.
Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын күн тартибинде өзбек-малайзиялык достук мамилелерин мындан ары тереңдетүү жана кызматташууну кеңейтүү маселелери каралат. Анын ичинде соода, инвестиция, инновация, технологиялык кызматташтык, мунай химиясы, электроника, «жашыл» энергетика, «акылдуу» айыл чарба, туризм жана башка көптөгөн артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Таэквондо WT боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады
Шей Фев 4 , 2025
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондо WT боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спорчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Кыз-келиндер арасында: 46 кг 1-орун Кутманай Калбаева […]
