“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен:
1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд 207 млн 233 миң 916 сом;
2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 441 ишкерге 2 млрд 204 млн 854 миң сом наясы берилди.
Белгиленгендей, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
АКШнын президенти Жо Байден жумуш издеп жатканын айтты
Жум Авг 16 , 2024
Мөөнөтүнүн аяктарына 22 жума калган учурда АКШнын президенти Жо Байден блогерлер менен жолугуп, жумуш издеп жатканын айтты. “Баарыңар мени тамашалап жатат деп ойлойсуңар”,-деди. . Онлайн-контент жаратуучулар менен жолугушуу учурунда, неберелеринин сүйүктүү жаңылык булагы деп тамашалаган Байден “Сиздер биз баарлашуунун динамикасын өзгөртө турган чоң ачылыш жасап жатасыздар. Дал ушул себептен мен […]
