“Манчестер Сити” клубунун чабуулчусу Эрлинг Холанд жылдын мыкты бомбардири деп табылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Париждеги Шатл театрында өттү.
Өткөн сезондо норвегиялык футболчу бардык мелдештерде 56 гол киргизген. Сыйлык үчүн күрөштө 23 жаштагы чабуулчу 54 голу бар “Пари Сен-Жермендин” чабуулчусу Килиан Мбаппени утуп алды.
Эске салсак, Холанд “Манчестер Сити” менен өткөн сезондо лиганы, Англия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңген.
Шей Окт 31 , 2023
Дарыгер жана диетолог Айдай Сурманова кызылчанын пайдасы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул продукт кан басымын түшүрүп, рактын өнүгүшүн басаңдатууга жардам берет. «Кызылчанын курамындагы бетацианин пигменти залалдуу шишиктердин өсүшүн жайлатуучу күчтүү антиоксидант болуп саналат. Кызылча ошондой эле кан басымды төмөндөтүүгө, кан тамырлардын дубалдарын бекемдөөгө, боордун иштешин жакшыртууга жана организмден ашыкча […]