reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Son Güncelleme :

26 июня 2023 - 9:11

reklam
Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды
reklam

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү. Бул тууралуу  Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан. Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты. Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын шаарынын командасы Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утуп алган.

Оюндар бүткөн соң командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда мыкты оюнчулар да аталды.

 

U-14 Кубогунун мыктылары;

 

  • Мыкты дарбазачы — Төлөмүшов Канатбек (Ысык-Көл);
  • Мыкты коргоочу — Худайбердиев Данат (Бишкек);
  • Мыкты чабуулчу — Мансуров Эрхан (Ош);
  • Мыкты бомбардир — Эсенбеков Айдан (Нарын);
  • Мыкты оюнчу — Талайбеков Арсен (Бишкек);
  • Мыкты машыктыруучу — Байгазы уулу Уланбек (Нарын);
  • Элдин сүймөнчүлүгү — Жамалдинов Нурислам (Ош).
reklam