Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда долларды сатып алуу боюнча кезектеги интервенция жасады. 11-июлда жөнгө салуучу орган 34,3 миллион доллар сатып алган. Операция тууралуу маалымат банктын расмий сайтында жайгаштырылган.
Анын ичинен 17,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 16,8 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен болду.
Жөнгө салуучу валютаны 85,35-85,3 сом чегинде сатып алды.
Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери бул он биринчи тескери интервенция. Жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.
Таласта кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды
Жум Июл 12 , 2024
Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы — Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды. […]
